Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Асхат Осмонов соцтармактагы баракчасына кыргыз тилдүү мектептерди сындаган билдирүү калтырды:
"Кыргыз тилдүү мектептерден төрт балам чыкты. Директорлорунун жана мугалимдеринин орой жана шалаакы мамилесин көрүп, кыргыз тилдүү мектептердин сапатсыз билимен баш тарттык. 4 баламдын психикасын ойлонуп, орус тилдүү мектепке которууга аргасыз болдум. Кыргыз тилдүү мектептерде маданияттуулук, жоопкерчилик жана толеранттуулук төмөн экен", - деп жазды.
Асхат Осмонов октябрь окуяларынан кийин мэрге кеңешчи болуп келген. Ага чейин парламенттик шайлоого "Чоң Казат" партиясынан катышкан.