Печать
Категория: Коом
Просмотров: 109

Жашоо турмушту оңдоонун элдик агымы башталды. Мамлекеттик бийлик болгону ага тоскоол болбой, тескерисинче жардамын берсе жакынкы жылдарда мамлекетибиздин да, элибиздин да жашоо -турмушу оңолот. Мисалга ФБдан бир жигит 4 миң долларга кочкор алганын көрдүм. Мурда да бир асыл тукум кочкордун жаңылбасам 200 миң сомго өткөнүн көргөм. Эт багытындагы, сүт багытындагы асыл тукум уйларды өстүрүү алыскы айылдардан бери кадимкидей күч алды. Тоо сууларында балык өстүрүү кеңири жайылып баратат. Балчылык да өстү. Багбанчылыгыбы, жер иштетүүбү асылдуулугуна көңүл бурула баштады. Жеңил өнөр жайы баш болгон бизнес тармагы да өз жолун табууда. Мунун баары элдин өздөрүнүн жеке изденүүсү менен болууда. Мамлекеттик бийлик буга чейин элге тоскоолдук кылбаса, жардам беришкен жок. Тээ 20 жылдай мурун малдын асылдуулугун колго алуу боюнча чыркырап жазган макалаларым эч кимдин кулагына да кирбей кала берген. 5 жылча мурун Кыргызстандын ар бир агып түшкөн суусунун боюна көлмө (бассейн) куруп форель балыгын өстүрсө болоору тууралуу жазгандарым көңүл сыртында калган. Минтип эми баары табигый жол менен өнүгүүгө түштү. Мамлекет элдик ушул агымды ар тараптан колдоого алып, жардамдашса өнүгүү мындан да ылдамдамак. Анын жолу деле жөнөкөй. Жогорудагы колунан келген, иштин көзүн билгендер асыл тукум мал өстүрүүгө киришишти. Аларга жеңилдетилген кредиттерди берип ишин өркүндөтүүгө көмөктөшүү керек. Ушул сыяктуу мамлекет тарабынан чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн атайын программа иштелип чыгып жеңилдетилген көп жылдык кредиттерди бердирүү жагы каралса туура болмок. Калганын ишкерлер өздөрү жасап кетишет. Мамлекет бийлик талашуудан бошобой жүдөй берсе деле эл өнүгөт. бирок жайыраак болот.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу