АВТОР ЖӨНҮНДӨ: Субанбеков Ыдырыс Эшалиевич 1942-жылы Талас областындагы Бакай-Ата районунун Оро айыл аймагына (өкмөтүнө) караштуу 1-май айылында туулган. 1967-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Диплом алгандан кийин Талас шаардык борбордук китепканада, Талас райондук маданият бөлүмүндө инспектор, Талас райондук балдар китепканасынын директору, Оро орто мектебинде мугалим, андан кийин пенсияга чыкканга чейин райондук “Октябрь таңы” газетасында кабарчы, бөлүм башчы, жооптуу секретарь кызматтарында иштеп, пенсияга чыккан. Студент убагында республикалык, райондук газеталарда ыр топтору, “Темир канат”, “Байчечекей” альманахтарында бир нече ырлары жарык көргөн. 30 жыл тыныгуудан кийин колуна кайрадан калем алып, окурманга жаңы ыр саптарын тартуу кылууда.
ОЙ УЧКУНДАРЫ
(Бир шилтемдер)
Адамдар араңарда жашап жүрөм,
Ар кимден өтөт кетет катачылык.
Кээде мен ойлой берип азап чегем,
Койдум деп кимиңерди капа кылып.
***
Атчан өттү жандай желдирип,
Агымы өрдөйт бетке шамалдын.
Мага бакыттай жөө жол жүрүш,
Өмүрдү улайт ар бир кадамым.
***
Таң алдында гүл ачылды шалбаадан,
Айланасы жаркый түшүп кылды ызаат.
Үзөөрүмдө ошол гүлдү жандаган,
Көк чөптөрдүн көз жаштары кылгырат.
***
Жакшы адамдар бар үчүн жашап жүрөм,
Алар мени жууган кирдей тазартты.
Наадан адамдар бар үчүн азап чегем,
Алар менин чачтарымды агартты.
***
Айсыз түндө жалгыз калсам таалада,
Атамкемдей кааран болгон өзүмө.
Тоолор , тоолор дайым сенсиң санаада,
Ак чач болуп чөгүп калган көзүмө.
***
Оозумдагы келмем да, дубам дагы,
Ырым менин сыйынар кудайым да.
Аруулантып, дем берген улам жаңы,
Ырым менин күндө окуган кураным да.
***
Каным деп денемдеги билейинби,
Карыганда кайрадан сүйөйүнбү.
Ыйлап кеткен байлыгыма таарынбаймын,
Ырым менин калчы ээлеп жүрөгүмдү.
***
Классташтар үркөр жылдыздарым,
Чачылып кеткенбиз өнүгүүгө үрөн сымал.
Жүзүңөрдү бир көрүүгө ынтызармын,
Кандай иштеп, кандай жашап жатасыңар.
***
Эч бир жер жок адам буту баспаган,
Эч бир жер жок адам башы жатпаган.
Жер бул өзү сырдуу архив өңдөнөт,
Болгондорду бүт өзүнө каттаган.
***
Кыргыз алыс барып бак таба албайт,
Кыйынсынып башка элде барк таба албайт.
Эл ичинде иш кылып, мал баккандар,
Эзели кор болбойт да, ачка калбайт.
***
Пейили ак адамга жолуксам жашарамын,
Жамгыр жууган гүлдөй тазарамын.
Акмак адамды көрсөм көзүмө жаш аламын,
Жек көрүүмдү каяка ката аламын.
***
Колукту келди босого аттап жүгүнүп,
Артынан анын жеңеси келди сүйүнүп.
Көрөйүн десе кокуй кашы жок.
Өрөйүн десе кокуй чачы жок.
***
Бук болгондо көр тирликтен алыстай,
Булут болуп аалам кезип учамын.
Чарчаганда бакыт күтүп, чакыртпай,
Чокулардын коюнунда келет уктагым.
***
Саат жебеси жылган сайын бир билдим,
Жүрөк “зырп” дейт, дене бойду сыздатып.
Ар секунду уурдап алып өмүрдүн,
Жибин улам кетип барат кыскартып.
***
Жаш кезим менден кетсең да качып,
Жалындайт сүйүү жыпарын чачып.
Күүгүмдө күтсөм келбейсиң эми,
Калды го чачты ак бубак басып.
***
Жаңылба дагы эсирбе,
Башкарам десен баарын сен.
Жакпайсын анда эч кимге,
Өзүңө гана таарын сен.
***
Жакшы болуп жамандарга кошулсаң,
Жек көрүнчү жаман болосуң.
Жаман болуп жакшыларга кошулсаң,
Эл сыйлаган адам болосуң.
***
Шашылыш жумуш чыкканда,
Жайлаба дагы чарчаба.
Шашпаган жумуш чыкканда,
Шашылбай акыл калча да.
***
Өйдөгө чыксаң каргып сен,
Дем алып, өргүп коркпойсуң.
Тик ылдыйдан кантип сен,
Бойунду кармап токтойсуң?
***
Жаманды да, жакшыны да, жаңысын,
Болтурганы акырын да, бачым тез.
Жөнгө салган ааламдагы баарысын,
Жаша, жаша космикалык акыл эс.
***
Көрүнгөн да көрүнбөгөн жагы бар,
Бул ааламдын сырын билип бүтпөйбүз.
Жаратылыш бөлүкчөсү адамдар,
Жаныбыз да өлбөйт экен билбейбиз.
***
Тойбой жедим тамакты,
Көп жеримди оорутту.
Күндө ичтим аракты,
Күндөй өңүмдү соолутту,
Кайрыдым жалаң суу ичип,
Качып кеткен ден-соолукту.
***
Өлөм изим түшпөйт жолдорго да, эч жерге,
Көлөкөм ээрчибейт, мени таппай калышат.
Элес болуп учам, коном акыл эстерге,
Ырымдан гана мени издеп табышат.
***
Жашагам Талас, Аксы, Көл, Чүйдө,
Кашка таман элинин урпагымын.
Арбагы бабалардын ойготту, келип үнгө,
Музасы болойун мен муң-зарынын.
***
Тоо борунда мен жашаган жапыс там,
Келем сага күндө, түндө алыстан.
Бактым мында отургансыйт үргүлөп,
Энеме окшоп күтүп мени жагып шам.
***
Ак тоого булут түнөдү,
Жашаймын анда бак күтүп.
Кадыр кеч кайра келеби,
Калды го күүгүм кар түшүп.
***
Жетиген аке барсыңбы,
Кымызың далай ичти элем
Коңгуроо үндүү жансыңбы,
Сөзүнө эрийт бүт денем.
***
Дубада күч бар оттон жана жарыктан,
Адамдарды өлтүрөр да, тирилтер.
Таза сакта жүрөгүңдү көрө албастык намыстан,
Ишенбесен жалынына күйүп көр.
***
Жаратылыш кандай чебер, акылдуу,
Жолго чыксаң белги берет эскертип.
Аны эгер эске албай шашылуу,
Бир балээге жолуктурар эс кетип.
***
О адамым сенин дагы ичиңде,
Өз дарыгериң бар экенин билип жүр.
Аны менен жаратылыш бир үндө,
Берет сага көңүлүңө түйүп жүр.
***
Тамакты аздан татпасаң,
Күн түнү ыйлат ашказан.
Өңүңдү бузуп өчүрөр,
Ач көздүк сени өлтүрөр.
***
Токойдо тыптынч, жымжырттык,
Сергитет кандай көңүлдү,
Ичиңде бул тынчтык.
Узартат алтын өмүрдү.
***
Күн чыгышты өрт чалып, нурлардан каптап жалын,
Көрүп күнгө саламдашам мынакей башбакканын.
Ошол кезде, мен сүйүп жаралгандын тегиз баарын,
Жаңы күч шаттыктан алоолонуп барат жаным.