Печать
Категория: Коом
Просмотров: 147

"Бул катты кораблден кислороду буулуп качышкан келемиштер жазган деп түшүндүм. УКМКнын ичиндеги тоголок кат жазгандар ириңдер, ууру-корррупционерлер, дем алчу жериңер жабылдыбы? Уурдаганга жолуңар торолдубу? Каалагандай чардап, жакпай калса сатып, ар кимге крыша болуп, арам акча таап көнүп калган экенсиңер, эми мурдагыдай мүмкүнчүлүк болбойт, андай арам жол менен жан багууга Камчыбек Кыдыршаевич жол бербейт. Эски заманыңарды эстен чыгаргыла. Өз жетекчисин саткан силердей саткынчылардын айынан өлкөбүз сазга батты. Андан көрө сасыбай, түз жүрүп, өлкө үчүн иштегиле", - деп жазды Шүкүрбек Эркебаев соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, соцтармактарга президентке жолдонгон жашыруун кат жарыяланган. Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге аталган кызматтын кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү нааразы экени айтылган жана аны кызматтан алууну суранышкан.