Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Эрик Арсалиев 7-март күнү, 55 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Арсалиевдин жакындарынын билдирүүсүнө караганда, маркум өсмө (рак) оорусуна чалдыккан. Түркияда дарыланып жүргөн. Маркумдун сөөгү 9-мартта алып келишери кабарланды.

Эрик Арсалиев 2004-2005-жылдары «Манас» аэропортун жетектеп турган. 2007-жылы “Ак-Жол” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген.

Булак: Элгезит