Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 9-март күнү таңкы саат 06:30 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү жашоочулардын бири Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылганын билдирген. Окуя болгон жерге дароо Жайыл РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, маркум — 1940-жылы туулган З.Г. аттуу жергиликтүү жашоочу экени такталган.

Милиция кызматкерлери ыкчам тергөө иш-амалдарын жүргүзүп, анын натыйжасында кылмышка шектелип каза болгон аялдын 1977-жылы туулган З.Р. аттуу уулу кармалды. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Териштирүү учурунда шектүү күнөөсүн мойнуна алып, апасына бензин куюп, өрттөп жибергенин билдирген. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Алдын ала маалымат боюнча, шектүү психикалык жактан жабыркайт.

Булак: Баракелде