Печать
Категория: Коом
Просмотров: 94

Садыр Жапаровго №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Бахтияр Абсаматов видео кайрылуу жолдоду. Анда дарыгер февраль айында болгону 10 миң 100 сом айлык алганын билдирген. 

"Базалык оклад - 5 миң сом, Бишкек мэриясынан кошумча төлөм 1 миң 600 сом, индикатор негизиндеги кошумча төлөм 5500 сом. 30 жылдык стажы бар медайым 10300 сом алды. Индикатор үчүн айлык бир ай кечиктирилип төлөнөт. Башкача айтканда, мен аны январда берсем, февралдын аягында колума тиет. Эмнеге мынчалык кармалаарын эч ким түшүндүрбөйт. Саламаттыкты сактоо министрлиги январда бул индикаторлорду жое турганын убадалаган, бирок февралда мындан ары да индикатор үчүн төлөм болоору жана ал кийинки айдын 25инен кийин гана которулаары тууралуу буйрукка кол койду. Ачыгын айтканда, индикаторлор иштебейт, бизге мындай системанын кереги жок. Жөн эле бардык медиктерге базалык окладды көтөргүлө, татыктуу айлык маяна чегергиле, бул ушунчалык кыйынбы? Ар нерсени ойлоп таба бериштин эмне кереги бар?" - деди ал. 

Ошондой эле, ал эмгек өргүүсү үчүн төлөмдү да карап коюуну суранган, башка мамлекеттик кызматтарда бул эмгек маянанын көлөмүнөн эки эсе жогору болоорун, ал эми дарыгерлерге аз берилээрин белгилеген..