Депутат Эрмамат Тагаев Ош жана Баткен облусунда чыгарылып жаткан цементтин баасы кымбат болуп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү элдин кайрылуусуна токтолуп, Өкмөт өкүлүн аталган маселеге көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында айтты.
"Жергиликтүү цементтин тоннасы 71 АКШ доллары болуп жатыптыр. Ал эми Өзбекстандыкы 40 АКШ долларынын тегерегинде сатылып жаткан экен. Мындай эки эсеге жакын айырмачылык болбош керек эле", - деди депутат..