Печать
Категория: Коом
Просмотров: 138

-Мен үчүн ал эч ким эмес. Ал чогулткан эбегейсиз байлыкты бажынын орун басары болуп туруп, эч бир киши чогулта алмак эмес. Бүгүн Матраимов үч нерсенин курмандыгы болуп калды. Биринчиси, өзүнүн ач көздүгүнүн курмандыгы. Экинчиси, системанын анын ичинде бийлик башчыларынын корупцияланышынын курмандыгы. Үчүнчүсү, бажыканадан өтүп жаткан эсеби жок эбегейсиз чоң суммадагы акчаларга көздөрү түшүп, ошол акчаларга эптеп ээ болууга аракет кылган тышкы күчтөрдүн курмандыгы.

 Матраимовдун АКШнын Госдепи аркылуу “Магницкийдин тизмегине” киргизилиши аны бурчка камап,  ошол бажыдагы  акчаларга өздөрү ээлик кылуунун эле амалы. Алар ошол акчалар кыргыз бюджетине түшсүн деген кыпындай дагы ойлору жок.

Булак: «Майдан. kg» гезити