-Быйылкы жыл абдан чоң жана көптөгөн митингдер менен башталды. Алдыда дагы шайлоолор болот. Алар кандай окуялар менен коштолоору белгисиз. Бирок Раимбек Матраимовду коргоп митингге чыккандар ал кылмышын мойнуна алып, 24 миллион доллардай каражатты мамлекетке төгүп берип, эл алдында жасаган кылмышын мойнуна алганын түшүнүшү керек. Ошондой эле, Свердлов райондук сотунда кылмышын мойнуна алган чечим чыкканын да эске алышса болот эле. Туура, Раимбек Матраимов пандемия убагында элге жардам бергени чын. Тарапташтары Матраимовдун жардамын эстеп, өздөрүн кандайдыр бир деңгээлде карыз сезип, митингге чыкканы байкалып эле турат. Бирок бул убактылуу нерсе экенин түшүнүшүбүз керек. Кандай болгон күндө да Раимбек Матраимовду патриот деп айтууга мүмкүн эмес. Анткени, ал бул жолу Түркиядагы атып өлтүрүлгөн Саймаити деген уйгур тектүү жигиттин өлүмүнө шектүү делип кармалып жатат. Чынында анын аты эки жылдан бери аталып жатканы менен буга чейин мамлекеттик деңгээлдеги чиновниктер эч кандай чара көргөн эмес. Эми ал камалып, иши тергелип жатканда анын тегерегиндеги саясий топтор жана саясатчылар ушул мисалдын алкагында регионалдык карма-каршылыктарды жаратууга аракет кылып, саясий оюндарды баштаганы байкалып калды. Эми укук коргоо органдары кылдаттык менен туура мыйзамдуу чараларды колдонушу керек. Себеби, азыркы иликтөөлөр жаңы “Раим- миллиондой” коррупционердерди жаратышы мүмкүн. Укук коргоо органдары ошонун баарын иликтеп, ордуна коюуга бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшашы керек.
Булак: «Майдан. kg» гезити