Печать
Категория: Коом
Просмотров: 597

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жана “Маариф” фондунун Борбордук Азиядагы бөлүмүнүн   жетекчилеринин ушул жылдын 29-январындагы Анкарадагы макулдашуусуна ылайык, жаңы окуу жылында Бишкекте “Маарифтин” алгачкы жалпы билим берүүчү  мектеби ачылганы жатат. Жаңы окуу жылы жаңы мекептерге бай болот окшоп калды, Президент С.Жапаров Россия иш сапар менен барганында Россиянын өкмөтү Кыргызстанда орусча 44 мектеп (ар райондо бирден) ачып, аны мугалимдер менен камсыз кылууга даярдыгын билдирди. Ага башка макалада кеңири токтолобуз, азыр “Маариф” деген кандай уюм? - деген маселеге көңүлүңүздөрдү бургубуз келет.

“Маариф” Түркияда 2016-жылы 17-июнда түзүлгөн мамлекеттик фонд болуп саналат. Аны бир катар көз карандысыз эксперттер,талдоочулар Түркиянын азыркы президенти Реджеп Тайип Эрдогандын Акыйкаттык жана өнүгүү партиясынын долбоору деп да жүрүшөт. Анын максаты - чет өлкөлөрдө, биринчи кезекте түрк тилдүү республикаларда билим берүүчү жана маданий борборлорду түзүп, балдар бакчаларды, мектептерди жана жогорку окуу жайларын ачып, “Анатолиянын акылдуу салттарына жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизделген” билим берүү. Учурга карата фонд дүйнөнүн 34 өлкөсүндөгү 291 жалпы билим берүүчү мектепти башкарат, алардагы 29 миңге жакын окуучуларга 3200дөн ашык мугалимдер сабак беришет. Алардын 200дөн ашыгы Түркиянын жарандары. Бул фонддун жана “Маарифтин” максаты эмнеде?

“Маарифтин” максаты “Сапатты” басып алуу

Түркиядагы 2018-жылдын 15-июлундагы ишке ашпаган төңкөрүштөн кийин өлкөнүн жетекчилиги диний ишмер Фетхуллах Гюленге тиешеси бар делгендердин баарын жоюуга активдүү киришкен. Түркиядагы 20га жакын университеттер, ондогон жалпы билим берүүчү мектептер жабылып, 70 миңге жакын мугалимдер кызматтарынан бошотулду. Андай репрессиялык чаралар мамлекеттик жана муниципалдык органдарды, коргоо жана ички иштер министрликтерин да каптады. Р.Т.Эрдоган FETOнун (Ф.Гюленди кыскартып айтканы) Түркиядагы гана эмес, дүйнөнүн  башка өлкөлөрүндөгү мектептерин, окуу жайларын да жоюп, аларды “Маарифге” өткөрүп берүүнү ультиматумдук түрдө талап кылууда. Аны дүйнөнүн өздөрүнүн суверендүүлүгүн сыйлаган   көпчүлүк өлкөлөрү аткарышпады. Алсак, дүйнөнүн 108 өлкөсүндө Ф.Гюленге тийиштүү делген 700гө жакын мектеп болсо, алардын 100гө жакыны гана “Маарифтин” карамагына өттү. Андай көрүнүштөр Түндүк Африканын, Азиянын айрым өлкөлөрүндө гана болду. Түркия өкмөтүнүн каржылык, материалдык жардамдарына, ар кандай убадаларына азгырылган, кызыккан айрым кедей мамлекеттер “Маарифтин” талаптарына көнүштү. Өздөрүнүн мыйзамдарына каршы келерине шылтап Европадагы, Америка континентиндеги өлкөлөрдүн бири да ага макул бошушпады, андагы мектептер  өз алдыларынча иштеп жатышат. Же “Маариф” фонду ХХI кылымда эл аралык рейдерликтин мурда эч жерде кезикпеген жаалдуу түрүн көрсөтүүдө. Ал бир нече жылдан бери Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү системасына киргендерди жоюп, аны өзүнө кошуп берүүнү талап кылып келүүдө. Мында өзгөчө Түркиянын Кыргызстандагы элчиси өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүп, ал биздин ички иштерибизге ачыктан ачык эле кийлигишип жаткандыгын жакшы билесиздер. Аны тийциштүү органдар же тартипке чакырышпады же  келген жагына жылуу жумшак узатып коюшпады.

Эмне үчүн  “Маариф”  “Сапатка” атаандаш болуп эле иштей бербестен анын материалдык, техникалык базаларын, окуу жайларын тартып, аларга өз тартибин киргизип, талабын орнотууну гана көздөөдө?

“Маариф» кандай билим берүүнү көздөйт?

“Сапаттын” максаты, философиясы - жаш муундарга дүйнөнүн эң алдыңкы стандарттарына, лайыктык (ар кандай диндерден четте турган) идеологияга негизделган заманбап билим берүү. Анда окугандар кыргыз, орус тилдери менен бирге англис, түрк тилдерин да мыкты үйрөнүп чыгышат.

Чейрек кылымга жакын убакыттын ичинде аны “Сапаттын”  Кыргызстанда ачылган мектептери, ЖОЖдору ырасташты. Ал эми “Маарифтин”  максаты - исламдык баалуулуктарга негизделген мектептердин системасын түзүү болуп саналат. Түркиянын Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы бийликке келгенден баштап, лайыктыкты баарынан жогору койгон Ататүрктүн көп принциптеринен кайтып, өлкөнү акырындап исламдаштырып, бул жагынан анын Сауд Аравиясы, Катар сыяктуу мамлекеттер менен  тыгыз кызматташып жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Ошон үчүн Түркиянын аталган партиясынын лидеринин аракеттерин Европа өлкөлөрү, АКШ баштаган цивилдүү мамлекеттердин бардыгы жактырышпай жатат.

Эл аралык коомчулукту өзгөчө кооптондурганы - “Маарифке” мугалимдердин тандап, иргелип алынган сын ченеми болууда. Анткени, алар өздөрү ачкан жалпы билим берүүчү мектептерге мугалимдерди мамлекеттик билим берүү системасынан эмес, негизинен ар кандай радикалдашкан диний борборлордон¸ уюмдардан тандап алышат экен. Алардын арасында көп өлкөлөрдө тыюу салынган  ИГИЛ,  “Аль-Каида”, ”Бир тууган мусулмандар” сыяктуу уюмдардын мүчөлөрү да бардыгы айтылып, жазылып кетет.  “Маарифтин” Албаниядагы бир мектебинин мугалими “Аль_каида” менен байланышы болгондугу үчүн кармалып, соттолгон. “Маарифтин” мектептеринде окугандардын Эрдоган - дүйнөдөгү мусулмандардын бардыгынын коргоочусу жана тиреги деп жатышкандары да сктандырбай койбойт. Жалпы билим берүүчү мектептерге андай саясый ураандардын кандай зарылчылыгы бар? Ушунун өзү эле “Маарифтин” Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын идеологиясын ишке ашыруучуларды  тарбиялоочу мекеме экендигин айтып турбайбы.

“Маариф” азыркы янычарларды, башы бузуктарды даярдайбы?

Түркия билим берүүсүнүн сапаты, илиминин деңгээли боюнча дүйнөдө 50-60шынчы орундардын биринде  турат. Расмий маалыматтарга ылайык, андагы мектеп окуучуларынын 53 пайызы тамеки чегишет,  баңги заттарды пайдалангандары 15 пайызга жакын. Мектеп окуучуларынын 47 пайыздан ашыгы системалуу түрдө сабактарды калтырышат. Ошондуктан мүмкүнчүлүктөрү бар ата энелердин бардыгы балдарын жеке мектептерде окутууга аракет кылышат. Гарвард, Оксфорд, Массачусетс  сыяктуу дүйнөлүк брендге айланган окуу жайлары, илимий мекемелери жок.

Түркияда илим, билим жана инновациялык технологиялар жаатында адаттан тышкаркы нерсе ачылыптыр дегенде окуй да, уга да элекпиз. Ал жаңы технологияларды түзүүчү эмес, аларды керектөөчү өлкөлөрдүн катарына кирет. Бирок, Түркияда дүйнөнүн башка бир да өлкөсүндө да жок, мындан жүздөгөн жылдар мурда калыптанган бир оригиналдуу система, салт  бар, ал Сулайман Великолепныйдын  убагынан бери эле башка өлкөлөрдүн жаштарынын эсебинен өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоочу фанатиктерди тарбиялап өстүрүүгө негизги басым жасап келет. Ал мурдагы убактарда жеңилген, басып алган өлкөлөрдөгү, ата энелери жок  балдарды тандашып, аларды Түркияга алып келип, атайын жатак мектептерди түзүшүп, алардын сабаттарын жоюп, эч нерседен тайманбаган, Осмон империясы үчүн өмүрлөрүн  аябаган жоокерлерди, аскер башчыларды, эң мыкты делген архитекторлорду,жайларды жана кемелерди куруучуларды жана аскер деңиз флотунда иштөөчүлөрдү даярдашкан. Алардын империянын негизги жайларын коргоочулары янычарлар (бизче жан алгычтар), ал эми жүрүштөрдө жол баштап, душмандардын сепилдерин, чептерин штурмалоочулары башы бузуктар (бизче кутургандар) деп аталышкан. Түркиянын тарыхындагы Хайриддин Барбаросстон тартып көрүнүктүү аскер башчыларынын, даңазалуу вазирлеринин дээрлик бардыгы ошондой мектептерден, тарбиялардан чыккан тектери башка элдердин балдарынан чыккандар болушкан. Мына ушундан улам “Маариф” исламдык баалуулуктарга негизделген ХХI кылымдын янычарларын жана башык бузуктарын даярдоону максат кылып жаткан жокпу? - деген да ой кетет. Ага негиздер жетишерлик экендигин жогоруда айттык. Ал “Сапатты” гана эмес, “Хизмет” деген кыймылдын мектептерин да ээликтеп алып, сырткы билим берүүдө жападан жалгыз монополист болууга умтулууда. Монополизмден –диктатурага, ар кандай радикалдык чараларга бир эле кадам турат.

Мында Түркиянын билим берүү министри Исмет Йылмыздын “фонду Балкандан Шиңжан-Уйгур автономдуу  районуна, Самолиден Канадага чейинки өлкөлөрдүн бардыгында иштеши керек” дегени да сактандырбай койбойт. Кытай “Маарифти”  чек арасына жакын да жолотпойт деңизчи, бирок анын Кыргызстан сыяктуу майда өлкөлөрдү биротоло оккупациялап алып, өз саясатын таңуулай башташы толук мүмкүн.

Эмне үчүн Түркия ички иштерибизге кийлигишет?

Түркия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, кандашыбыз, анда талаш жок. Бирок, ал саясый тышкы, ички приоретитеттерин тез-тез өзгөртүп турган, негизинен тынчы жок өлкөлөрдөн. ХХ кылымдын ичинде Түркияда 5-6 жолу аскердик төңкөрүш болуп, сырткы саясаты бир нече ирет кескин алмашты. Анын азыркы президенти Ф.Гюленге каршы ырайымсыз саясат жүргүзүүдө, мейли ал  өзүнүн ички иши дейли. Бирок, ал эмне үчүн ФЕТУга каршы чараларга Кыргызстандын да кошулуусун да талап кылууда? Анткидей Гюлен бизге эмне кылыптыр? “Сапат” - ар кандай саясаттан, диндик таасирлерден таптакыр сырткары турган, бардык күчүн сапаттуу билим, тарбия берүүгө гана жумшаган, өлкөбүздүн билим берүү системасында өзүнчө брендге айланган уюм.

Түркия оюна келгенди эле талап кыла бергидей  Кыргызстан анын бир провинциясыбы же анчалык милдет кылгыдай бизге ушунчалык эле көп жардамдарды көрсөтүүдөбү? Жок. Түркиянын бизге келген кредит, гранттардагы, инвестициялардагы орду аябагандай эле жупуну. Бирок, бизди башкарып,жол көрсөтүүгө болгон дымагы өтө эле чоң болуп жаткандыгы чындык. Анын улуу кошуна, өнөктөштөрүбүз Кытай, Россия менен атаандашуусу эң эле кыйын, бирок дымагы чоң. Бир тууган агасы болсо деле анын үкөсүнүн үйүнө келип алып, өзү билгенди жасаганга, талап кылганга укугу жок. Мында  биз “жаман үйдү коногу бийлейт” дегендин компексинен чыга албагандыгыбыздан  улам гана  жогоруда айтылгандай көрүнүштөр орун алып келатат.

Бир сөз менен айтканда, чет өлкөлөрдүн гуманитардык  экспансия,  диверсияларынан этият болушубуз керек.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: "Майдан. kg" гезити