Печать
Категория: Коом
Просмотров: 77

-Негизи митингге өмүрүмдө биринчи  жолу чыктым. Эл митингге укканы, колдогону же эмне болуп жатты экен деп көргөнү деле агылып келе беришет экен. Бирок  көрө албастар акча берип чыгарды деген ойлорун айтып жатышат. Чынында  кечээги митингге келген15 миңдей адам Матраимовду чын дилинен колдоп,  анын кылган жакшылыктары үчүн  чыгышты.  Айрымдар “Раим -миллион” деп какшыкташат экен. Мен үчүн “Раим- миллион” эмес, Раимбек ага. Алладан сурап койгон аты  элге таанылтты. Көрдүңөрбү Раимбек деген ат өзү эле бул инсандын элге тез таанылуусуна себепкер болду. Кээ бирөөлөр коррупционер деп, элдин байлыгын уурдаган адамдай сүрөттөп жатышат. Чынында ал коррупционер эмес , кайра элге жакшылык кылган адам, бул инсандын түзгөн схемасы мамлекетибизге  пайда алып келип, Кытайдан келген арзан товарлар менен элди камсыздап жаткан. Эми анын айрымдардын сынына кабылган схемасы иштебей калганы доллар өстү, эт, азык-түлүк кымбаттады. Күйүүчү майдын  баасы жогорулады. Эми соода менен киреше тапкандардын да, ишкерлердин да иши анча жүрүшпөй Кытайдан товар учурунда келбей жатат. Ошондуктан, бул инсанды камап кордобой, тескерисинче кайра иштетип, анын болгон мүмкүнчүлүгүн элдин турмушун жакшыртууга жумшатыш керек.  Күчтүүнү күчтүү, мыктыны мыкты деш керек. 2 млрд. төлөтүп туруп, камаганы башка бай коррупционерлерди да чочулатты. Көптөрү экономикалык амнистияны эске алып, келтирген зыянды калыбына келтирип берсек деле камайт экен деген ойго кептелип калышты.  Эгер экономикалык амнистия болгону чын болсо, батыштын  саясатын колдогон 100дөй адамы митинг кылып койсо эле камабаш керек  болчу. Анткени,  Раимбек Матраимов башкалар каралагандай эмес,  өлкөсүн ойлогон патриот инсан. Ал элин, мамлекетин чын жүрөгү менен сүйгөн адам. Ал элден аянбайт. Тапканын башкалардай болуп катып отура албайт, элге берет.  Кара-Сууга келсеңер  мектептердин жанына жаштар баңгизатка берилбесин деп спорт залдарды, футбол аянтчаларын куруп берген. Ошондой эле,  Кара-Суунун кире  беришине элди ыйманга чакырып, мечит менен кошо ыйман, адеп институтун салдыртып элге белек кылып берип койгонун көрөсүңөр. Элден аянбаган адамды атайылап, буюртма менен элге жек көрсөтүү максатында каралаткандарды көргөндө зээниң кейийт экен.

Булак: "Майдан. kg" гезити