Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.

Бул маселени Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Onsolе компаниясынын ири бут кийим фабрикасына барганда талкуулады.

Белгиленгендей, биргелешкен ишкана ачуу Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен мүмкүн. Ушуга байланыштуу Onsolе компаниясы Кыргызстанга инвестициялык климатты изилдөө, ошондой эле түздөн-түз ишкер байланыштарды түзүү үчүн келүүгө даяр.

Мындан тышкары, Эрик Бейшембиев джинсы жана килемдерди өндүрүү менен алектенген Lahore Apparel жана Lahore Carpet компанияларынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Эки компаниянын жетекчилиги, ошондой эле, кыргыз жана пакистан жеке ишканаларынын ортосунда ишкер байланыштарды түзүү үчүн Кыргызстанга келүүнү каалагандыгын билдиришти.

Булак: reporter.kg