Депутат Рыскелди Момбеков Конституциянын жаңы редакциясын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизгендеги документтерде авторлору көрсөтүлбөгөнүн белгиледи. 

"Ала кушту атынан аташ керек". Бул документтердин ээси ким да, мээси ким айтып койгула?!" - деген депутаттын суроосу жоопсуз калды. Андан ары депутат 1-мартта кабыл алынган документте ошол күнү каза тапкан депутат Алмазбек Акматовдун колу турганына айран таң калды. 

"Каза тапкан адам кантип кол коет? Кубанычбек Жумалиевдин колу турат, түрмөдөгү адам кантип кол коет?" - деп тызылдаганы менен буга да спикер Талант Мамытов оңчулуктуу жооп бере алган жок. 

"Капка шибегени катып алып келдиңер. Алдабагыла! Бөрүбашевдин колу менен кирди документ, инструкция менен келди. Антип Баш мыйзам кабыл алынбайт. Бир да депутаттын фамилиясы жок. Сиздин жарлыктарда Конституциянын долбоору деп жазылып турат, а бул жакка кирген документтер референдум боюнча болуп жатат. Эртең депутаттар секирет, мен бул документке кол койгон жокмун деп. Элдин талабы менен Конституцияны өзгөртүп жатабыз дейсиңер, элдин талабы жок анда. Элдин талабы курултай болчу, аны киргизген жоксуңар. Элди "кидайт" эттиңер, бизди "кидайт" эттиңер", - деди Момбеков.