Печать
Категория: Коом
Просмотров: 113

-Эки жагы тең бар. Бир жагынан Раимбек  Матраимов коррупцияга барганын  мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд. сом төлөп берди деп мамлекеттик органдар ырастады. Экинчи жагынан, ошол эле мамлекет башчылары менен Раимбек Матраимов келишимге барышкан. Төлөсөң кутуласың деп кепилдик беришкен. Бирок мамлекет башындагы Жапаров жана Ташиев келишимди бузуп, Матраимовду камакка алышты. Анын эки себеби бар. Биринчиси, коомчулукта, өзгөчө Бишкекте Матраимовго негатив күчтүү. Бул негатив Сооронбай Жээнбековго да катуу каршы иштеген.Эми Жапаровго да каршы иштей баштаганда,  алар Матраимовду камакка алышты. Экинчиден, алар Матраимовду биротоло “обезжирение” кылалы деп жатышы да ыктымал. Жыйынтыктап келгенде Матраимов коррупционер да, бийликтин курмандыгы да болууда.

Матраимов мыкты менеджер, ишкер катары калып, саясатка аралашпаганда өзүнө да, элге да пайдасы көбүрөөк тийет беле деген ой бар...

Булак: «Майдан. kg» гезити