Печать
Категория: Коом
Просмотров: 168

-Негизи Раимбек Матраимов патриот, элин, жерин сүйгөн, эч кимге кылдай жамандык каалабаган эл багар, журт багар адам. Чынында ыйлаган кишинин көз жашын аарчыган, учурунда элдин зарыл маселесин чечкенден аянбаган  адамдын  коррупциянын символу катары сүрөттөлүшү таптакыр туура эмес. Башкасын айтпасак дагы пандемиядагы жакшылыгына көз жумуп койгонго болбойт. Чынында  Кыргызстанга пандемия учурунда Раимбекчелик эч ким жардам бере алган жок. Өкмөт айласын таппай, эл кантип абалдан чыгаарын билбей турган мезгилде колундагысын чыгармак турсун, байлыгын  басып отургандар  толтура болду.  А Раимбек алардан айырмаланып, тапканын эл менен бөлүштү. Ал турсун өкмөт ала албаган медициналык каражаттарды  алып келип, 7 дубанга таркатып  берди. Кыскасы, Раимбек Матраимов мамлекетке зыян келтирген жок. Тескерисинче, мамлекетке пайда келтирген азаматтардан болду. Кыйын күндө элинин кашында турду. Канчалаган адамдын  өмүрүн сактап калганга  себепчи болду. Болгону,  ал кыргыздын тың чыкмаларын салып берип койгон саясаттын курмандыгы болуп жатат.  Раимбек Матраимовду камакка алып, батыштын кызыкчылыгын ишке ашырышканы өкүнтөт.  Раимбекти канчалык каралап,  түрдүү жалааларды жапса да, ал баарынан  бийик турат. Тагдыр сындыра албаган адамды,  адамдар эч качан сындыра албайт. Раимбекти азыр камап, каралап, коррупциянын символундай сүрөттөп жатышканы менен  убакыт келгенде баары өз ордуна коюлат. Анткени, Раимбек Матраимов жашоодогу кыйынчылыктардан коркпогон  инсан. Жашоодогу кыйынчылыктан коркпогон адамды шамал да, бороон дагы токтото албайт. Анткени, шамал, бороон алсыз дарактарды гана омуруп кетет. Раимбек түптүү дарак. Буюрса, мезгили келгенде баарын өз ордуна келет.

Булак: «Майдан. kg» гезити