Печать
Категория: Коом
Просмотров: 123

-Раимбек Матраимов  мен үчүн элдин байлыгын жана өкмөттүн казынасын уурдап байыган адам.  Бажы тармагын көмүскө схемалар аркылуу жеп- ичкен топтор жана алардын анабашы кантип элдин уулдары болсун. Аларды табакташтары, санаалаштары, өнөктөштөрү гана колдошу мүмкүн. “Мекеним Кыргызстан” партиясы аркылуу элди сатып алабыз деген шылуундар, эртең кайра ошол шайлоочулардын жонунан кайыш тилишмек. Булар трансконтиненталдык топтун мүчөлөрү, аларга элдин жашоосунун оңолушу эмес калктын билимсиз, жарды болушу пайдалуу. Бажы тармагы Грузия өлкөсүндөй болуп 100% жаңыланышы керек. Раим  Матраимовдой  "кошелёк" аталган аталыктарды коом жийиркенүү менен кабыл алыш шарт. Себеби, алар биздин балдарыбыздын келечегин, өлкөбүздүн бүтүндүгүн бүлдүрүп жатышат.

Булак: «Майдан. kg» гезити