Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

"60 миллиард. Кыргыздарда жесе эле миллиарддап жеп атып бул миллиард деген сандын маанисине деле көңүл бурбай калсак керек. 60 миллиард деген Республиканын бюджетинин жарымысы. Бул санга Кыргызстандын бир жылдык берген пенсия,пособиясын саны да жетпейт. Эмне деген жеш. Эмне деген талап тономой. Бул ишке катышы бардын баарын токтоосуз камап кимдер экенин эл алдында ачыкка чыгаргыла", - деп жазды жазуучу Чолпонбек Абыкеев соцтармактагы баракчасына.

Эске салсак, кечээ УКМК билдирүү таратып, анда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын К.Н. аттуу жетекчиси кармалганын маалымдаган. 

Маалыматка караганда, кармалган адам кызматтык абалынан пайдаланып, өлкөдөн ири суммадагы каражатты чыгарып кетүүчү коррупциялык схема түзгөн. Жыйынтыгында, 2020-жылдын мартынан октябрына чейинки убакта Кыргызстандан 59,5 миллиард сом чыгарылган.