Печать
Категория: Коом
Просмотров: 59

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Улуттук намыс” уюму жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте “Ак калпак күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда улуттук кийимдердин парады болуп, бул күнгө арналган салтанаттуу маданий иш-чара уюштурулат.

Иш- чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп, ага ак калпактардын түрлөрү, улуттук кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат.

Улуттук кийимдердин парады “Ала Тоо” кинотеатрынан башталып, “Ала-Тоо” аянтына чейин созулат.

Салтанаттуу иш-чара 4-март күнү, саат 10:00дө башталат.

Булак: Кабар