Печать
Категория: Коом
Просмотров: 241

Кийинки жумадан, 9-марттан тартып Бишкектеги бала бакчалар иштеп баштайт. Бишкек мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, азырынча бала бакчага мектепке даярдоочу тайпанын тарбиялануучулары гана бара алышат. Андан сырткары, энеси же атасы жалгыз өстүрүп жаткан балдар биринчи кезекте кабыл алынат. 

Санитардык нормалар сакталат жана ар бир тайпадан ондон ашык бала болбойт.