Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев жакында Талас жергесине барып келгенин жана жолдо күбө болгон көрүнүш тууралуу айтып берди.
“Биз баратканда Өтмөк ашуусуна кар жааптыр. Анчалык көп эмес, ашып кетсе 10-15 см.дей. Казакстандагыдай олчойтуп жаап таштаганда, илгерки доордун кейпин кийип, облустар аралык каттам жок отуруп калмак экенбиз. Ашуудагы карды бир грейдер гана тазалап жүрдү. Бир облуска бир грейдер экен. Анын күчү жетпей, эки жакта тизилген машинелердин узун кезеги жаралды. Кайтып кетүү мүмкүн эмес, ошол жерде үч күнгө чейин тургандар болушту. Машинени жылытуу үчүн печкасын жагып алышкан, ага канча күйүүчү май кеткени айтпаса да түшүнүктүүдүр. Ал жерден тургундардын бийликке болгон нааразычылыгын уктум. Бири калбай президентти баш, өкмөт башчыны төш кылып сөгүп жатышты. Алардын айтымында, бир да президенттин тушунда мындай көрүнүш болгон эмес экен.
Санариптештирүү деп какшанып жатабыз, а бир облуска бир гана грейдер. Анан кантип алдыга жылып баратабыз, эл үчүн иштеп жатабыз деп айтышат?! Карапайым элдин сөккөндөн башка кылаар аргасы жок. Ушулбу биз ишенип шайлаган адамдар деп армандарын айтып отурушса, төбөлөрүнөн көк түтүн бурулдайт. Эгер ушул бойдон элге кайдыгер мамиле жасалып, өз маселелерин өздөрүнө калтыруу улантыла берсе, бизде революция токтобойт деп гана айта алам”.