Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев коомчулуктун талкуусуна түшкөн кол сааты тууралуу үн катты.
Эске салсак, маалымат каражаттарында депутаттын кол сааты Neo Bridges үлгүсүнө таандык экени жана расмий сайтында кол саат 26 миң 500 долларга бааланары жазылган.
"Талкууга түшкөн кол саатым... Мен эми билбей да калдым, тагынышым керекпи же жокпу... ММКлардын бириндеги макаланы мен абдан креативдүү материал катары кабыл алдым! Журналист абдан аракет кылыптыр! Бааладым.
Бирок соцтармактардын колдонуучулары муну терс кабыл алышты. Аталышы кандай экенин кечээ гана интернеттен окуп билген кол саатымдын тарыхын айтып берейин.
Биринчиден, өзүм сатып алган кол саатымды бир жылдай убакыт мурда Нурмат аттуу балага белек кылгам (сүрөттөгү). Жолугушуулардын биринде саатымды сурады, а мен ага белек катары ыйгардым.
Ал эми талкуудагы кол саатты Москвада жашаган кадырлуу досум жана иним белек кылган. Чынын айтсам, анын оригинал же реплика экенине кызыккан эмесмин. "Белекке берилген аттын тишин карабайт"! Илгери эгер жылкы тартуулашса, аны белек кылган адамдын жанында тишин караган туура эмес деп эсептелген. Башкача айтканда, белекти кандай болсо ошондой кабыл алуу керек. Белек дайыма чын пейилден берилет.
Экинчиден, мен өзүм эч убакта 26 миң 500 долларлык аксессуар сатып алмак эмесмин. Мен бир бөлмө үйдү колума тагып жүрө албайм. Өзүмдү көрсөткүм келбейт", - деген билдирүү таратты Марлен Маматалиев.