"Мен эле түшүнбөй жатамбы же баарыңарга түшүнүксүз болуп жатабы? Тамак - аш кымбаттады. Бир килограмм эт - 450-470 сом. 5 литр өсүмдүк майы- 580-600 сом, бензиндин баасы 40 сомдон ашты. Тилекке каршы, эмгек акы, пенсия, пособие ошол эле бойдон. Өзгөчө маданият кызматкерлери, аймактык ММК кызматкерлеринин маянасы 5 миң сомдун тегереги. Ал эми почта кызматкерлери 1,5 миң сомдон 3000 сомго чейин гана маяна алышат. Почта кызматкерлери тараткан пенсия, пособияларды Өкмөт коммерциялык банктар аркылуу карточка менен аласынар деген токтом чыгарып койгон экен. Почта кызматкерлери жумушу жок калды. Ал эми кары-картаңдар, майыптар пенсия, пособияларын ала албай, таксисттерге карточкасын берип, акчасын алып келгенде 200 сомдон берип келишет.
Ушул мезгилде кыйын болсоң ооруп көр. Аптекаларда дарынын баасы асмандайт. Өзгөчө туберкулёз, сахарный диабет, давления, жүрөк оорулууларга боорум ооруйт. Мурда алып жүргөн дарыларды 2-3 эсеге кымбат алып жатышат. Мисалы, өткөн жылдын 1-мартында Амарил дарысы 630 - 650 сом болгон болсо, учурда 1350-1400 сом. Ошондуктан, бийлик ээлери сиздерден сураныч, мамлекет ичиндеги бааларды жөнгө салбасаңар, эл жакырчылыктын чегине жетип калды", - деп жазды соцтармакка кыргыз жараны.
