Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын аталышы өзгөртүлдү. Тагыраак айтканда, ага Лениндин ысымы кошулуп, узартылды.
Өкмөттүн ушул жылдын 22-февралдагы токтомуна ылайык, мындан ары аталган театрга "В.И.Ленин ордени" деген кошулат, андан тышкары башкаруу формасы "мамлекеттик мекемеге" айланды.
Ошондо, мындан ары аталган театрды "В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси деп атайбыз.
Коомчулук бул жаңылыкты терс кабыл алууда. Театр сыртынан зыңгыраганы менен ичи көп жылдан бери оңдоо иштерин көрбөй желип баратканы, артисттерге эч кандай шарт жоктугу жана анда иштегендердин айлык акылары өтө төмөн экенин айткан жарандар аталышын эмес, ага болгон мамлекеттин мамилесин өзгөртүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле, президенттин Россияга иш сапарынан кийин эле Лениндин ысымы улуттук театрга улаштырылганын башкача кабылдагандар да жок эмес.