Печать
Категория: Коом
Просмотров: 141

Жогорку Кеңештин мектеп директорлорун аттестациялоо боюнча мыйзам долбоорундай шалаакы, коррупциялык жана сабатсыз бир да мыйзам долбоорун көргөн эмесмин. Бул тууралуу юридика илимдеринин кандидаты, доцент Тимур Иманкулов Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди. 

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору боюнча эл өкүлдөрү түшүндүрмө берип жатып, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин жетекчилерин аттестациялоо кесипкөйлүктү жана тандоо системасын жакшыртууну шарттайт дешкен. 

"Мен жогорку окуу жайында сабак берем. Билим берүү министрлиги жана өкмөт жогорку профессионалдуу билим берүү системасын өлтүрдү деп эсептейм. Бирок мектеп окуучусунун атасы катары алар жалпы билим берүүнү кантип жок кылып жатышканын карап тура албайм. Ушундай нерселер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жоктугу өкүнүчтүү. Мектеп жетекчилерин аттестациялоо Эмгек кодексине туура келбейт. Бизде аттестация мамлекеттик кызматкерлер үчүн да жокко чыгарылган. Ал дайыма мамлекеттик кызматкердин класстык чинин, наамын көтөрүү жана айлыгын, карьералык өсүүсүн жогорулатуу үчүн колдонулуп келген. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, аттестациядан өткөн кызматкерди жогорулатуу керек. Кайда жогорулатабыз? Райондук билим берүү бөлүмүнө жетекчи кылабызбы? Же билим берүү башкармалыгынын башына алып барып, министрдин орун басарлыгына дайындайбызбы? Мыйзам долбоорду иштеп чыгууда нормативдик-укуктук актыларга талаптар каралган эмес" - деди ал.