Эсиңиздерде болсо, 2020-жыл Россия менен Кыргызстандын ортосундагы кайчылаш жыл деп жарыяланган. Мунун алкагында 200гө жакын иш-чараларды өткөрүп, эки өлкөнүн достук, өнөктөштүк алакаларын андан бетер бекемдөө максаттары коюлган эле.
Президент Садыр Жапаров Россия менен Кыргызстандын ортосундагы кайчылаш жылдын мөөнөтүн узартууну демилге кылып, бул боюнча атайын макала да жазды.
“Тилекке каршы, пандемия көптөгөн пландарга өзгөртүүлөрдү киргизип, ойлогон ой, максаттарды ишке ашырууга мүмкүндүк берген жок. Кесилиш жылдын салтанаттуу ачылышын өткөрө алдык, бирок бир катар иш-чараларды токтотуп, өзгөртүүгө туура келди. Онлайн режимде Россиянын Кыргызстандагы Күнү өткөрүлдү, Кыргызстандын көз карандысыздык Күнү Россияда өттү”,- деп айтылат макалада.
Ушуга байланыштуу президент С.Жапаров кесилиш жылдын мөөнөтүн узартууну сунуш кылды. Өз макаласында Россия тараптын сунушуна колдоо табарына ишене турганын билдирген.
Орус бийлиги мындай демилге, сунушка кандай жооп берет, өлкө башчынын Россияга болгон иш сапарынан кийин белгилүү болот.
Булак: “Майдан. kg” гезити