Печать
Категория: Коом
Просмотров: 113

Ош шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуу ниетин тогуз партия билдирди. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын түштүк боюнча атайын өкүлү Расулбек Кадыров билдирди. 

Ал белгилегендей, "Ыйман нуру" документтерин түздөп, талапка ылайык кылып кайра алып келип беришкен. Андан сырткары бүгүн дагы эки партия: "Ишеним" жана "Улуу Журт" катышуу тууралуу арыз беришкен. 

Ошондо, бүгүнкү күндө жалпысынан 9 талапкер партия болду. Алар: "Тилектештик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир Бол", "Ынтымак", "Ыйман нуру", "Улуттар биримдиги", "Ата Журт", "Улуу Журт" жана "Ишеним". 

Жергиликтүү шайлоо 11-апрелде өткөрүлөт.