Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар соттолгон жарандарды өткөрүп беришүү боюнча эл аралык келишимди ратификациялоо маселесин карашты. 

Депутат Эрмамат Тагаевдин айтымында, Казакстан Сириядан өз жарандарын алып келип жатышат, а Кыргызстан аликүнчө бул маселеге олуттуу карай элек. 

 "Сирияда жаш балдары менен калган аялдар бар. Коңшу мамлекеттер ал жактан өзүнүн жарандарын алып келип жатышат, а биздикилер ушул убакка чейин бир да кыргызстандыкты алып келбеди. Мен бул маселени 2019-жылы эле көтөргөм", - деди депутат. 

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев Сириядан жарандарды кайтарып келүү маселеси менен ИИМ жана УКМК алектенерин белгиледи.