Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

Бул тууралуу «Калашников» концернинин директору Дмитрий Тарасов маалымдады.

Тарасов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн курал-жарак көргөзмөсүндө журналисттерге: «АК-12де 5,45 калибриндеги ок колдонулгандыктан, дал ушул калибрдеги окту пайдаланган жакынкы чет өлкөлөр кызыкчылыгын билдиришүүдө», – деди.

20-февралда АК-12 менен АК-15 экспортко чыкканы кабарланган. АК-12 – аскердик, АК-15 – атайын бөлүккө ылайыкташтырылган автомат.

«Калашников» концерни көзгө атарлардан тартып, автомат, замбирекке чейинки аскердик курал-жарактарды өндүрөт. Мындан тышкары концерн мергенчилик, спорттук винтовкаларды, мотоциклдерди да сатат.


Булак: Кабар