Печать
Категория: Коом
Просмотров: 656

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына Раимбек Матраимовдун жактоочулары митингге чыгышты. Эске салсак, кечээ Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Матраимов кирешелерди өзүмдүк кылып алууга шектелип кайрадан кармалган. 

Митингде Матраимовдун тарапташы Элнура Алканова аткаминерлердин келбей койгонуна нааразы болду. Айтымында, алар бир убактарда мурдагы орун басардын сыйын көрүп, тамагын ичип жүрүшкөн. 

Ошондой эле, ал соцтармактарда Матраимовду колдоп митингге чыккандар анын акчасына алдангандар деген комментарийлер жазылып жатканын белгилеп, мурда анын акчасына байланып жүргөндөр бул митингде жоктугун билдирди. 

"Мурда анын акчасын алып жүргөндөр азыр жок. Кечирип койгула, бирок аны менен чогуу бир столдо отуруп, чогуу тамактанып, кошомат кылгандар бүгүн митингге келишпеди. Анын атасына арналган, Кара-Сууда өткөн волейбол турниринде көптөгөн жогорку даражалуу аткаминерлер барганы сүрөттөрдө калган. Биз бул жакка Раимбек Матраимовду акташ үчүн келбедик. Биз ал таза деп айтпайбыз. Кылган иштери үчүн жоопкерчиликтен качкан жок. Ал тергөө менен кызматташууга барды, ар бир суракка келип турду, келтирген чыгымдарды жапты, андан кийин кайрадан кылмыш ишин ачышты. Кайсы бир топ адамдар ар жекшемби күнү көчөгө чыгышып, колу менен көрсөтүп жатышат. Алар эмнени каалап жатышат, белгисиз", - деди ал.