Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

 - Манас мырза, эрте менен жакшы бир постуңуз чыгып, кайра эле алып салдыңыз. Муфтияттын тегерегинде болуп аткан окуяларга кандай баа бересиз?

- Эң ириде мындай алашемдиктер Ислам дининин эмес Муфтияттын, ал жерде иштеген пенделердин кемчилдиги. Албетте, өтө уят иш болду!

- Соцтармактарда муфтияттын мындай кылыгына ишенбегендер бар...

- Маселен: УКМК мамлекеттин расмий органы. Ар бир мусулман мамлекеттик түзүлүшкө жана башчысына ишениши керек. Расмий орган маалымат берип атса деле “фитна”, “ушак” же “бузукулук" жүрүп жатат, ишенбегиле” дештин өзү мамлекеттик түзүлүшкө доо кетирген аракеттер.

- Бизде кайсы бир саясатчыны же, кызмат адамдарды коргоп, кубаттагандар пайда болду. Буларга кандай баа беребиз?

- Караңгылык, ары жоктук десек болот. Муфтиятка сын айткандарды Кудайдын жазасы менен кыйыр түрдө коркуткандар бар. Муфтият чындап Ислам динине кызмат  кылгысы келсе, өз ара руханий да, финансылык жактан да тазаланышы керек! Бул багытта Чубак ажы эбегейсиз эмгек жасаган. Ошол кишини ошондо муфтийликтен кетиришпегенде муфтиятты түп тамырынан оңдоп, чыныгы дааваттын ордосуна айлантат эле.

- Негизи эле Кыргызстандагы дин тармагы кайда баратат деп ойлойсуз?

- 30 жылдан бери Муфтияттын тегерегинен  аңыз кеп кетпейт. Интрига ошончолук. Каат заманда жашап атсак, айрымдары жол тандабас айдап, кабаттап катын алат. Молдо калктын назарындагы киши. Эмне кылса да, ачык-айкындуулук керек. Негизи мамлекет дин тармагын катуу көзөмөлгө алуусу шарт окшойт дейм.

- Анда момун мусулмандардын эркиндигине чек коюлуп калбайбы?

- Азыр секталар, жамааттар, тарикаттар, диний уюмдар толуп кетти. Борбор Азиянын  бизден башка өлкөлөрүндө мыйзамсыз диний уюмдар жашай албайт. Мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугунан ошолордун баары бизге кирип келди. Андыктан, кыргыздын дин тармагына да системалуу реформа керек. Эркиндиктин да, чеги бар. Өлкөбүз ар кандай мыйзамсыз диний уюмдардын полигонуна айланбашы керек.

- Максат ажы Токтомушев жана Муфтияттын тегерегиндеги окуяларга эмне дейсиз?

- Маселе муфтиятта же, муфтийде эмес. Бир Максат ажы келет, башка Максат ажылар кетет. Андан эч нерсе өзгөрбөйт! Түп тамырынан оңдоп, кайра баштан система кылып, муфтиятты жаңылаш керек. Ошондо сырттан көз арткан сук көздөрдүн да аягы тыйылат.

Булак: “Майдан. kg” гезити