Печать
Категория: Коом
Просмотров: 110

- Качкын байке, муфтиятта тегеренген каражаттар боюнча Максат ажыны убактылуу камакка алып, чекилик кетирип койгон жокпузбу?

- Муфтийди Атамбаев мезгилинен бери бийликтин сересиндегилер колдоп келген. Тагыраагы, спикер Асылбек Жээнбеков менен “шумахер” Икрамжан Илмиянов крыша болуп келген. Ажылыктан түшкөн эсепсиз акчалар ортодо болгон. Ошон үчүн ал акчалар тууралуу ооз ачышкан эмес. Ал турсун УКМКнын айрым кызматкерлери да муфтияттагы акчадан алып жүргөн. Мен кезинде муфтияттагы эсепсиз каражат жана аны калкалагандар, андан пайдалангандар тууралуу бир канча жолу макала жазып, коомчулукка кайрылуу да жасап, пресс-конференция да бергенбиз. Бирок, биздин кайрылууларда келтирилген фактыларды жогору жак текшермек турсун, маани да бербей коюшкан. Эми гана ал жердеги ботконун баары ачыкка чыга баштады.

- Ошондо ажылыктан түшкөн эсепсиз каражаттар менен динди бетине кармап, элди адап-ахлакка үндөгөн молдолор да жашоо-шартын оңдоого жетишкенби?

- Албетте, ал каражат менен көпчүлүгү жакшы жашоодо жашашкан. Башкасын кой, муфтияттын жалгыз эле бухгалтери эмес, кассири да кудай ургандай байлык топтогон. Булардын бир эмес, экиден заңгыраган үйлөрү бар. Бухгалтери каракулжалык мурун түрмөгө жатып чыккан адам болчу. Ревизорлор ажылыктан түшкөн каражаттан башка муфтиятка жума сайын келип жаткан миллиондор кайдан түшүп жатканын жана кайда жумшалып жатканын да билбей калабыз дешчү. Муфтияттын өзүндөгү ревизору алар менен кошо иш кылчу. Менимче алар бирин-бири сатты болуш керек. Бирок, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыгарыша элек. Эми кези келгенде ал жактагы каражаттар кайда, кантип жумшалып жатканы тууралуу ачык маалыматтар чыгат деп үмүт артам.

- Бирок, анткениңиз менен “муфтият коомдук уюм, аны УКМК текшергени чекилик иш болду. УКМК бардык ишке киришип, майдаланып кетти” дегендер да чыгып  жатат го?

- Муфтият коомдук бирикме экени чын. Аны каржы полициясыбы, ИИМби же УКМК кимиси текшериши керек экенин билбейм. Бирок, дин таза болуш үчүн, динчилдердин былык иштерин кимиси болсо де текшерип, бетин ачканы туура эле иш болду. Анткени, акчаны көргөндө жүрөгүндө кудайы жок молдолор ата-энесин да унутуп, Алланы да сатып жиберет. Азыркы таптагы окуя ошону далилдеди.

- Президент Садыр Жапаровдун өзүнүн портретин мамлекеттик мекемелерге илдирбей койгону туура эле болдубу? 

- Акаев, Бакиев, Атамбаевдин убагында деле президенттердин сүрөтүн кошоматка илип алышып, алар кызматтан  кетээри менен сүрөттөрдү өрттөгөнү өрттөп, тебелегени тебелеп салчу. Кыскасы, мамлекеттик имараттарда турган сүрөттөр тебелендиде калчу. 2005-жылы Ак үйдөн Акаевдин сүрөтүн ыргытышты. Кийин Бакиевдикин өрттөштү. Атамбаевдин сүрөтүн тебелешти. Азыр Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн ким кадырлайт дейсиң? Садыр Жапаров бул жагынан туура эле кылып, сүрөтүн илдиртпей койду.

Негизи бир канча жолу президенттин сүрөтүн илиштин зарылдыгы жок деген оюмду айтып да,  жазып да жүрдүм. Аким, губернаторлор президентке жаккысы келсе, сүрөтүн илбей эле иши менен, мамлекетке пайда келтиргени менен  жаксын.

- “Коррупцияга каршы күрөш күч алды”- дегенибиз менен кээде укук коргоо органдары аша чаап, камабай эле тергей турган адамдарды да камап жатышат деген дооматтар айтыла баштады. Коррупция менен күрөшкөн тармактар эмнеге  Кубанычбек Жумалиевдин жаш курагын, ден-соолугун эске алышкан жок?

- Коррупция менен күрөшүү оңой-олтоң иш эмес. Кубанычбек Жумалиевдин эсепсиз байлыгы тууралуу мурун эле кеп болчу. Себеби, Жумалиев Акаевдин ишенимине кирип алып, көп нерсени жеке кызыкчылыгына пайдаланып кетти. Даражалуу кызматтарда иштеп турганда жеке кызыкчылыгын жогору койгону жыйган мүлкүнөн билинип калды. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көп заводдорду алды. Бирок, табиятынан жаратман болбогону үчүн  баарын эле иштете алган жок. Күнөскана комплекси да ошол бойдон калды. “Гоин” менен “Таатан” кытайлардын аракети менен соода борборго айланып иштеп кетти. Эгер Жумалиев жаратман болгондо алган ишкана, заводдору күркүрөп иштеп, эсепсиз жумуш орундары түзүлүп, миллиардер болуп, Кыргызстандын бюджетине чоң салым кошмок. Бул жоктон бар кылганды билбегени үчүн премьер-министр болгондо дагы Кыргызстанды оңдогон жок. Жалал-Абадга губернатор болгондо дагы толтура келечеги бар имараттарды, ишканаларды менчиктеп алды. Башка ишканасы аз болгонсуп, медициналык окуу жай ачышты. Тилекке каршы, билим берүүнүн сапаты начар экени ачыкка чыгып, мыйзам бузуулар бар экени айтылды. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ырыстуу жердин баарын менчиктештирип алганы үчүн Жумалиевди камакка алганы туура эле болду. Эми мыйзамсыз менчиктештирип алган ишканаларын да тескесе, жалпы эле менчиктештирүүдөгү алешемдиктерди дагы ачыкка чыгарышса жакшы болот эле. Баарынан кызыгы, “суу чыгаруучу ишкана курам” деп немец ишкеринен миллион долларды алып, кайра алган каражатын кайтарбай койгону болду. Чынында иштин өтөөсүнө чыга албай калса да, кайра акчасын кайтарышы  керек эле. Жумалиев болсо, “мени ким жазаламак эле”- деп жолго салыптыр. Кыргызстанда Жумалиевге окшогон элдин эсебинен байыган 200-300 олигарх бар. Алар арак, вино, варенье чыгарган заводдорго чейин менчиктештирип алышкан. Ошолорду дагы тескеп, мыйзамсыз иштерин ачыкка чыгарып, жеп-ичкендерин  бюджетке кайтартыш керек. Кыскасы, мыйзамсыз байгындарды иликтей турган болсо, көп киши кылтакка илинет.

Булак: “Майдан. kg” гезити