Печать
Категория: Коом
Просмотров: 64

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Кавасаки синдромунан 2 бала дарыланып жатат. Бул маалыматты бүгүн, 17-февралда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин түз эфиринде борбордун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

«Кырдаал көзөмөлдө. Министрлик тарабынан коронавирустан дарылоонун 5-протоколу бекитилип жатат. Анда Кавасаки синдромунан дарылоо дагы кошулат», - деди дарыгер.

Анын маалыматы боюнча, Кыргызстанда Кавасаки менен ооруган балдар арасында өлүм катталган жок.

Булак: Баракелде