УКМКнын Коррупция менен күрөшүү кызматы тарабынан Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору «М.А.С.» пара менен кармалды. Ал кечээ, 15-февралда колго түшүрүлгөнүн УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Расмий маалымат боюнча, шектүү Ат-Башыдагы 3 айыл өкмөттө бюджеттин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгын жакшы деп көрсөтүү үчүн айыл өкмөт башчылардын биринен 60 миң сом талап кылган.
Шектүү Нарын шаарында камакка алынып, тергөө уланып жатат.
Булак: Баракелде