Печать
Категория: Коом
Просмотров: 88

 Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров учурда пландаштырылып жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралардын алдында, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы уланып жатканын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантууда жана өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат.

Булак: Кабар