Кечээ, 14-февралда Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанында болжол менен 600 метр куб жер көчкү жүрдү. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Жерине тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору 2 адис менен, ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын калк жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы жана Улуттук гвардиянын жетекчилиги барган.
Дагы 1000 метр куб жер көчкү жүрүшү ыктымал. Ошондуктан аскер кызматкерлери нөөмөттө турушат.
Жер көчкү жүргөн жерге жакын Улуттук гвардиянын аскер бөлүгү жайгашкан.
Булак: Баракелде