Печать
Категория: Коом
Просмотров: 88

2021-жылдын 13-февралында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министри Хусейн Ибрахим Аль-Хамадинин эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Алсак, Кыргыз Республикасында биргелешкен кыргыз-араб илимий-изилдөө борборун куруу, студенттерге БАЭнин ЖОЖдорунда стипендиялык программалар аркылуу окуу үчүн квоталарды бөлүү жана буга чейин түзүлгөн жумушчу топтордун алкагында эки министрликтин кызматташытыгын улантуу тууралуу маек болду.

   

Булак: Кабар