Жонс Хопкинс университети пандемия башталгандан бери дүйнөдө 106 миллиондон ашуун жаран коронавирус жуктуруп, 2,3 миллион жаран каза тапканын жарыялады. Бул албетте, үрөйдү учурга көрсөткүч. Мындайда ар бир адамдын оюна кантип коргонуу керек деген суроо келээри маалым.
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун жаңы катталган учурлары бир аз азайгансыды. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында күнүнө орто эсеп менен элүү чакты адамдан илдеттин белгилери табылса, андан айыгып чыккандардын саны көптүк кылууда. Бул бир аз болсо да көңүлдү тынчтандырганы менен алдыда үчүнчү толкун болот деген түпөйүл кылган кабар да жок эмес. Дүйнөлүк дарыгерлердин айтымында, үчүнчү толкунду Улуу Британиядан башталган вирустун мутацияланган түрү жаратат.
"Британ штаммы" эмнеси менен кооптуу?
Бул вирус өтө тездик менен жайылып жатканы айтылууда. Коронавирустун адамзатынын жашоосуна кирген алгачкы күндөрдө эле вирус мутацияланышы мүмкүндүгү айтылган. Бирок ал мынчалык коркунучту ээрчитип келээрин эч ким ойлонгон эмес. Улуу Британиядан башталган илдет өлкө аба каттамдарын жапканына карабай, аз убакытта Англияга өтө качкан. Ал эми жакында Өзбекстанга да келгени маалым болду. 1-февралда ата-энеси менен Араб Эмиратынан учуп келген он жашар кыздан илдеттин жаңы түрү аныкталган. Бул вирус биздин жаныбызда дегенди билдирет. Мындайда мүмкүн болушунча, илдеттин жаңы түрү тууралуу маалымат алып, өзүн жана жакындарын сактоо жолдорун биле жүрүү кажет.
"Британ штаммы" үч жагдай менен көбүрөөк кооптуу. Алар: өтө кеңири жана тездик менен жайылышы, вирустун маанилүү бөлүгүнүн мутацияланышы жана ал адамдын клеткаларына өтө тездик менен жайыла тургандыгы.
Илдеттин жаңы түрүн сыноо бир нече айдан кийин гана жыйынтыгын берет.
Кайдан пайда болду?
Дүйнөлүк окумуштууларды жана дарыгерлерди ушул суроо кызыктырган. Иликтөөлөрдүн натыйжасында, илдеттин жаңы түрү кайсы бир бейтаптан башталышы мүмкүн деген жыйынтыкка токтолушкан. Иммунитети алсыз бейтаптын организми вирус менен күрөшө алган эмес жана мындан улам организмде вирустун мутацияланган түрү көбөйгөн.
Бул илдет адамга коронавирустун көп залалын тийгизет дегенге негиз жок. Бирок мурдагы түрүнөн бул түрүнүн айырмасы - өтө тез жайылгандыгында. Ушул нерсе чоң маселе жаратаары анык.
Вакцинага баш ийеби?
Акыркы учурда дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттери акырындык менен коронавируска каршы вакцинаны колдонууну баштады. Бул аракеттерге калк ичинде каршы болгондор да, кубаттагандар да өтө көп. Айрымдар вакцияна адам ден соолугуна залакасын тийгизерин айтса, кээ бирлер аны менен гана дүйнөнү каптаган апааттан коргоно алабыз деп ишенишет.
Ал эми жаңы түрү буга дейре иштелип чыккан вакцинага баш ийеби? Бул жерде бир нерсени билүү маанилүү - мурдагы вирустун протеиндери найзадай болуп турса, азыркы андан өзгөргөн. Ошондуктан, дарыгерлердин арасында азыр колдонулуп жаткан вакциналар вирустун мурдагы найзадай түрү менен күрөшүүгө багытталгандыктан, "британ штаммына" натыйжасыз болуп калышы ыктымал деген көз караш пайда болду. Профессорлор вирус вакцинага баш ийбөө жолун издеп, улам өзгөрүп жатканын айтышууда. Бирок вакцина алган адамга вирустун мутацияланган түрү жукса, вакцинанын да жаңы түрүн ойлоп табуу керек болот. Мисалы, AstraZeneca компаниясы чыгарган вакцина Түштүк Африкада пайда болгон коронавирустун жаңы түрүнө таасир эте албай калды. Түштүк Африканын өкмөтү миллион доза вакцина сатып алган. Эми эмдөө процессин убактылуу токтотууга аргасыз болду.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамдар сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүшү керек деп эсептейт. Вирустун жайылышын токтотуу үчүн канча адам эмдөөдөн өтүү керектигине азырынча так маалымат жок. Бирок калктын 65-70 пайызында илдетке каршы иммунитет пайда болгондо гана вирус коркунучтуулугун жоготот деген пикир бар.
АКШ менен Улуу Британия калкын эмитен эле эмдөөдөн өткөрө баштады. Буларда вируссуз жашоо ушул жылдын жаз айларына барып кайтып келээри айтылууда. Бирок окумуштуулар вакцияна мурдагы жашообузга дароо эле кайтарып коет дегенди колдошпойт. Анткени, вакцинанын дозалары чектелүү жана калктын толук катмары эмдөөдөн өтө албайт. Эмдөө биринчи кезекте медицина, социалдык камсыздоо тармагынын кызматкерлерине жасалат. Андан кийин 65 жаш курактан өйдөгүлөргө, аялуу катмарга жүргүзүлөт, андан соң гана калгандарга.
Вирус кандай жерден көп жугат?
Жабык имараттардын ичинде илдетти илештирип алуу коркунучу жогору экенин билебиз. Ал эми аялдамада, көчөдө катар баскандардан вирусту жуктуруп алууга болобу? Эпидемиологдор бул суроого "ооба" деп жооп беришет. Бирок ачык жерде коркунуч азыраак. Ошентсе да толук коопсузмун деп ойлоо да чекилик.
Ачык асман алдында вирустун концентрациясы азаят. Чүчкүрүп-бышкырганда ооздон чыккан вирустун бөлүкчөлөрү тез жок болот. Күн тийип турган маалда алар дароо өлүшөт. Бирок иликтөөлөрдүн бири көчөдө сүйлөшүп турган эки кишинин экинчиси биринчисинен илдетти он беш мүнөттө жуктуруп алганын көрсөткөн. Эмне себептен мындай болду?
Алыстык -коопсуздук
Адам илдетти жуктуруп алып, бирок анын белгилери байкала электе өзүн соо адамдай сезет жана элге аралашып жүрө берет. Бирок дем алганда, өзгөчө чүчкүргөндө вирустук бөлүкчөлөрдү чыгарат. Алар тамчы сыяктуу болуп, тез эле жерге түшөт. Бирок кайсыл бир бөлүгү көзгө, мурун же оозго түшүп калышы мүмкүн. Бул ооруган киши менен соо кишинин ортосундагы аралыгы канчалык болгонуна байланыштуу болот. Ошондуктан, "бетме-бет турбагыла, аралыкты сактагыла" деген чакырыктар жасалууда.
Жакындык - зыян
Көчөдө сиздин жаныңыздан бирөө өтүп кетсе, аны менен көз ирмемге гана жакындаша түшөсүз. Мындай учурда андан инфекциянын кандайдыр бир дозасын алып калуу тобокелчилиги өтө эле аз.
Профессор Кэт Ноукстун айтымында, вирусту алып жүргөн киши бет маңдайыңызга келгенде чүчкүрүп же жөтөлгөн учурда гана инфекциянын белгилүү бир дозасын жуктуруп алууга мүмкүн. Же вирусту алып жүргөн киши чуркап машыгып жатса, артынан чуркап көп убакыт бир эле аймакта болуп калсаңыз дагы жуктуруп алуу тобокелчилиги жаралат.
Ошентип окумуштуулар таза абада инфекциянын жугушу өтө кооптуу эмес деген пикирге келди. Бирок коркунуч тар, кишилер тыгылышкан жерлерде (базарда, автобус аялдамасында) жогору бойдон кала берет. Дарыгерлер ушул себеп менен беткап менен жүрүүгө милдеттендирип жатат.
Эгерде коронавирус жуктуруп алган киши алаканына чүчкүрүп, анан колун бирдемеге сүрткөн болсо, ошол буюмда вирус бир нече саатка сакталат. АКШ окумуштуулары таштанды челегинин туткасында жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырагынын кнопкасында вирус сакталып каларын таап чыгышты. Мындай учурда вирус жуктуруп алгандар болду. Албетте, масштабы чоң болбогону менен коронавирустун жугуу жолдорунун бири болуп калган. Кышында таза абада вирус көпкө чейин сакталарын эстен чыгарбоо керек. Алар төмөнкү температураны жакшы көрөт.
Вирустун эң көп тараган жолу
Вирустун көп тараган жолу - жабык имараттарда болгон. Баарлашуу, узак убакытка чейин бир имаратта болгондон улам тараган учурлары көп. Мындайда түрдүү жолдор менен жуктуруп алууга болот. Желдетилбеген имараттарда вирустун тамчылары абада калкып, узак убакытка сакталып кала берет.
Ошондуктан, бул апаат түп-орду менен жоголуп, адамзат баштапкы бейпил жашоосуна кайтып келгиче, аралыкты, кайсы бир эрежелерди сактап, өзүбүзгө жана жакындарыбызга коркунуч келтирбей турганыбыз жөндүү.
Булак: "Майдан. kg" гезити