Печать
Категория: Коом
Просмотров: 94

"Ажылыктын финансы жагдайларын толук ачыктап, санариптештирип, коомдук көзөмөлгө коймоюнча ушундай иштер боло бериши мүмкүн. Молдокелер да пенде да...

Болбосо, бул процессти толугу менен мамлекет өз мойнуна алыш керек: зияратчылардан төгүлгөн акча бюджетке түз кетиш керек! Анан Дин Комиссия ажылыкты ошол төгүлгөн акчанын эсебинен каржылап туруш керек..." - деген пикирин саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев билдирди. 

Эске салсак, УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек ажы Токтомушев кармалганын маалымдаган. Анда айтылгандай, мурдагы муфтий «Хаджга» ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузууларга жол берүүгө шектелип жатат.