Печать
Категория: Коом
Просмотров: 99

Мекеменин басма сөз кызматы 9-февралда кабарлагандай, 2018-жылы IT компаниялардын бири менен жасалма келишим түзүлүп, коррупциялык схеманын катышуучулары ошол акчаны өзүнө ыйгарып алышкан.

УКМК ушул эле IT компания Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева айыпталган иште да шектүү катары өтүп жатканын белгиледи жана "Адилет сот" мекемесинин долбоор жетектөөчүсү кармалганын билдирди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Мындан мурда УКМК тарабынан бир нече судьялардын мыйзамсыз байыгандыгы ашкереленген болчу. Эң оболу Жогорку соттун төрайымынын көптөгөн мыйзамсыз иштери аныкталса да, эмнегедир Тартип комиссиясы аны жоопкерчииликке тартууга макулдук бербей келет.

19-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Осмоналиевди кызматтан алуу боюнча чечимге келген. Атайын кызмат тараткан маалыматта Камил Осмоналиев киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алып, башка кишилерге каттатканы айтылган.

Булак: «Майдан. kg» гезити