Кыргызстанда курулуш тармагы өтө кирешелүү бизнес экендигин карапайым калк билбесе да, ушул ишмердүүлүк менен алектенгендер эң жакшы билишет. Себеби борбор калаанын элиталык деп эсептелген аймагынан 5-6 сотых жер ала коюп, ага 10-15 кабаттуу, 100-150 квартиралуу үй салып, ар бирин 50-100 миң доллардан сатканда жомоктогудай эле жашыл акчага маарып калып жатпайбы.
Ошол бетон дубалдар менен курама, ширетме үйлөрдүн каркасы гана тургузулуп, ага кеткен акча келечекте үй алам деген үлүшчүлөрдөн алынып, ичиндеги канализация, шыбак, монтаж жана башка толгон-токой “отделка” иштери да бүткөрүлбөй, жылуулук жана электр, газ тутумуна кошулбай, тапшыра салып кутулушат же айрым шылуундары башка жаңы кардарга сатып жиберип да куйрукту түйүп жоголушат. Мындай алдмачылардын алды депутат болсо, айрымдары мэрлик креслону ээлеп, “крышасы” жоктору гана темир тордун артына отуруп калышууда.
Бирок бул ирет алдамчылыктын артына УКМК иликтөө жүргүзүп, Бишкекте мыйзамсыз көп кабаттуу үйлөрдү курууга байланышкан коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына караганда, турак үйлөр тиешелүү документтери жок компания тарабынан, мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарынан турган топтун калкалоосу астында курулган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө үйлөр курулуш-монтаж иштерине керектелүүчү инженердик тармакка мыйзамсыз туташтырылгандыгы аныкталган.
Мындан тышкары, макулдашылбаган курулуш борбор калаанын экологиясына дагы терс таасирин тийгизери кабарланган. Аны менен бирге белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузуу менен курулган имараттар, эч кандай компенсация төлөнбөстөн куруучунун эсебинен милдеттүү түрдө бузулууга жатат.
Айтор, эгер сот бул сунушту канааттандырса, анда бир нече көп кабаттуу үйлөр буздурулмакчы.
Булак: «Майдан. kg» гезити