Печать
Категория: Коом
Просмотров: 87

9-февралда баш калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин кызматтан алынып, анын ордуна Эрмек Нургазиев дайындалды. Сыягы, бийликтин бул кадрдык жүрүшү шаардыктар үчүн эле эмес, Балбактын өзү үчүн да күтүлбөстүк болду окшойт. Анткени Түркиядан жогорку билим алып, Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, президенттин (К. Бакиевдин тушунда) иш башкармалыгын чарба башчысы, Бишкек мэриясынын аппарат башчысы, кыска убакыт Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү сыяктуу төмөнтөн жогору карай кызмат тепкичтеринин көпчүлүгүн басып өтүп такшалган, эң негизгиси элпек жана ийкемдүү, кол астындагыларга каардуу диктатор, ал эми өзүнөн жогоркуларга пахтадай жумшак бул чиновниктин бул ирет эмнеден жаза тайгандыгы белгисиз. Баарынан да өткөн жылы 5-октябрдын түнүндө бийлик чукул алмашканда ал да хамелеондой өтө тез кубулуп, эртеси күнү өзүн-өзү “Элдик губернатор” деп жарыялоо менен саясатта “тройной сальто” жасап жиберген болчу.

Балким, өткөндө Парламент комитетине чакырылганда барбай коюп, депуттарга “мыйзамды окугула...”,-деген тоң моюндугу карьерасына балта болуп чабылдыбы?  Мүмкүн ошол бир кезде, 2010-жылы апрель окуясынан кийин президенттин “завхозу” кезиндеги “косяктары...” белге тептиби? Баса, Балбак Түркияда айтылуу Гүлендин мектебинен окуп, жеке өзү менен да жолугушкандыгы айтылып келүүдө. Ким билет, анын ушул имиштер чын болсо, гүленчилиги боордош өлкө менен алака-катышка кедергисин тийгизбесин деген жагдайда “крит” болгондур. Анткен менен жомоктогу чапкан сайын курчуган  каармандардай эртең эле Балбак баатыр бир үлкөн креслону ээлеп калар.

Бирок жаңы мэр ким дебейсиңерби? Коомчулук менен журналисттер ошол замат эле ал мурда саясатта аты-жыты жок белгисиз, ошол эле учурда курулуш компанияларынын бирин жетектеп, адвокат аялды бетке чаап жиберген “эркектиги” менен таанылганчоң муштум экендигин жар салышты.

Андыктан алгачкы   пресс-конференциясында ушул суроо берилип, чырдашкан аял жазган арыздардын негизинде сотко чейинки териштирүүлөр болгонун тастыктады жана "Бул анын укугу. Экөөбүздүн ортобуздагы чырдан бери уланып келе жаткан териштирүүлөр. Эч кандай кылмыш иши жок”,- деп билдирип,

"Ал аял биздин үлүшчүлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жерге келип, телефонун даярдап коюп, бетиме чаап жиберген. Бул 1,5 жыл мурда болгон окуя. Мен да реакция болуп кетип, чаап жибергем. Анысы чын",-деп, күнөөсүн моюнга алды.

Бирок түштөн кийин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу катары тааныштырылган Эрмек Нургазиев кайра кызматтан алынды. Бул тууралуу жарлыкка президент кол койгондугун аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек Эрмек Нургазиев бүгүн мэриянын кызматкерлери менен таанышып, маалымат жыйын өткөргөн. Кызматтан кетүүсүнө анын буга чейинки жасаган мыйзамсыз иш-аракеттери себеп болгон.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сот аркылуу Бишкек шаарында мыйзамсыз көп кабаттуу турак үйлөрдү курган курулуш компанияларынын лицензиясын кайтарып алууну жана мыйзамсыз курулган имараттарды буздуртууну көздөп жатканын билдирди.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мыйзамсыз курулган курулуш объектилери инженердик коммуникацйиялардан ажыратылган, мындан улам курулуш иштери токтоп турат», — деп билдирет УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы.

Ошондой эле, атайын кызмат «шаар курууга тийиштүү уруксаат документтери жок» курулуштар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин улантып жатканы белгилейт.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити