Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

«Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесиниин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Аталган чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов  кол койгон.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун башка чечими менен Нургазиев Эрмек Белековичти Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды.