Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

 Президент Садыр Жапаров анын портретин мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин иш бөлмөсүнө жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт. Бул тууралуу катчысы Галина Байтерек бүгүн, 8-февралда билдирди.

«Президент Садыр Жапаров „жарандарыбыздын турмушун жакшыртуу жаатында азырынча эч нерсе жасай элекмин“ деп эсептейт. Андыктан, ал мамлекеттик бийликтин бардык органдарына анын портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт.

Президент Садыр Жапаровдун пикиринде, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүү максатка ылайык келет», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: Баракелде