Печать
Категория: Коом
Просмотров: 71

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Ибраимов «Манас» эл аралык аэропортун жетектеп турганда мамлекетке миллион долларлык зыян келтирген деп айыпталууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Албек Ибраимов мамлекетке 893 млн доллар зыян келтирген.

Транспорт прокуратурасы чет элдик “Gata Airlines” компаниясына эл аралык каттамдар жана жүк ташуу үчүн жеңилдиктерди берүүдө «Манас» эл аралык аэропортунун жооптуу кызматкерлери мыйзам бузганын аныктаган.

Бул факты боюнча аба майдандын директциясынын мурдагы жетекчиси Нурсултан Белеков кармалган.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, «Манас» эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовду, компаниянын мурдагы президенти Эмир Чукуевди жана башка жооптуу кызматкерлерди жоопко тартуу маселеси каралып жатат.

Албек Ибраимов Бишкектеги мектептин курулушундагы коррупция, «Дастан» ишканасындагы коррупция үчүн айыпталып, 15 жылга кесилген. Ал былтыр Октябрь окуялары учурунда абактан бошотулган. Жаза аткаруу кызматы кайра абакка кайтышын талап кылган. Бирок ал барбагандан кийин ага карата «Жаза өтөө жайынан качуу» беренесинин негизинде дагы бир иш ачылып, издөө жарыяланган.

Булак: маралфм