Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

Мамлекетке 893 млн сом зыян келтирилгендиги үчүн Албек Ибраимов жана башка адамдарды жоопко тартуу жана келтирилген зыянды өндүрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт прокуратурасы тарабынан «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын жооптуу адамдары түркиялык «Гата Эйрлайнс» компаниясына эл аралык жана жүк ташуу үчүн авиакаттамдарды жүргүзүүгө жеңилдиктерди бергендиги аныкталды.

Аталган чет элдик компанияга мыйзамсыз жеңилдиктерди берүүнүн кесепетинен 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейин мамлекетке 12 млн доллар же 893 млн сом зыян келтирилген.

Буга чейин аталган факт боюнча шектүү катары «Манас» эл аралык аэропортунун дирекциясынын мурдагы башчысы Нурсултан Белеков кармалды.

«Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында «Манас» эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовду, аэропорттун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуевди жана башка жооптуу кызматкерлерин, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин бир катар кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү маселеси каралууда», - деп айтылат маалыматта.

Булак: Баракелде