Печать
Категория: Коом
Просмотров: 168

 Бүгүн, 4-февралда Токмок шаарында миллиардер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Маркум Кыргызстанда «Граф» каймана аты менен таанымал.

Буга чейин бизнесмен Бельгияда коронавирустан каза болгону айтылган. Ал COVID-19 вирусун Казакстанда жуктурган. Ден соолугунун абалы оорлогондо Бельгияга дарыланууга барган.
Маркумдун Кыргызстан көчөсүндөгү үйүнө базар тараптан барчу жол жабылды. Милиция кызматкерлери ал жактан унааларды өткөрбөй, көчөнү айланып өтүүнү сунуштап жатышат. Бирок жөө адамдар өткөрүлүүдө. Көчөнүн экинчи тарабы ачык, бирок ал жакта унаа койгонго жер жок.

Маркумдун үйүнүн жанына токтотулган унаалардын ичинен Казакстан, Россиянын номурлары жана дипломатиялык номурларды көрүүгө болот. Үйдү жеке күзөт кызматынын кызматкерлери кайтарып, үйдүн сыртында милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат. Сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынган, бирок каалаган адам бизнесмендин үйүнө кире алат.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы адамдардын катарында Ибрагимовдун бизнес-өнөктөштөрү — кыргызстандык ишкерлер Александр Машкевич менен Патох Шодиев, саясатчы Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Мирбек Мияров бар. Ошондой эле Казакстандан отуздан ашуун унаа келгенин байкоого болот.

Саат 14:00дө митинг-реквием өтөрү айтылууда.

         

Булак: Баракелде