Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Мамлекеттик башкарууну реформалоонун алкагында бир катар министрлик, ведомстволор жоюлууда. Анын ичинде ИИМге жарандардын паспортун, туулгандыгы тууралуу күбѳлүк, нике күбѳлүгү ж.б. документтерди берүү функциясы кайрадан ѳткѳрүлүп берилгени жатат.

Мындан сырткары, ИИМ айдоочулук күбѳлүктѳрдү да бере баштаса, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрѳшүү кызматы, миграция кызматы да ИИМдин  карамагына ѳткѳнү жатат. Бул канчалык деңгээлде туура болот жана ѳзүн актайт?

Анткени, мурда ушундай түзүмдѳ болчу. Анан эмне болгон? Туура эмес деп аныкталып, реформалоонун алкагында бүгүнкүдѳй болуп ѳзгѳртүлгѳн. Албетте, ѳлкѳнүн бүгүнкү жетекчилери мамлекеттик башкарууну оптимизациялоонун алкагында мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, ѳлкѳ бюджетин үнѳмдѳѳ аракетин кѳрүүдѳ. Тилектер, ниеттер жаман эмес. Бирок мамлекеттик органдардын санын ашкере кыскартып, кээ бир министрлик, ведомстволорго артыкбаш функция, милдеттерди жүктѳп коюп, артык кылабыз деп тыртык кылуу кѳрүнүшү болбойбу?

Тилекке каршы, андай болбойт дегенге эч кандай кепилдик жок…

 

Булак: “Майдан. kg” гезити