Печать
Категория: Коом
Просмотров: 73

Ипотекалык насыяга үй алган жарандар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын имаратынын алдына чогулушту.  Алар пайыздык чекти арзандатууну талап кылышты.

Айтымдарында, компания жаңыдан иштеп баштаган мезгилде үстөк пайызы 14 пайыз болсо кийинки жылдары азайтылып, 6-7 пайызга түшкөн. Эми алар да  төмөндөтүлгөн пайыз менен насыя төлөөлөрү керек.

Мамлекеттик ипотекалык компания  бул боюнча учурда сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирди.

"2020-жылдын 1-майынан баштап өкмөттүн турак жай программасынын алкагында берилген ипотекалык насыялардын пайыздык чендери бир пайызга төмөндөгөн. Бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бизге бул маселе боюнча сунуштама келген, бирок буйрук келе элек. Буйрук келсе түшүрөбүз”,- деди аталган кызмат өкүлдөрү.