УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев коррупционерлерге ырайым кылынбай турганын айтты. Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөт башчылыкка сунушталган Улукбек Мариповдун талапкерлиги жана жаңы өкмөт курамы каралып жатат.
"Коррупция боюнча көп иш каралып жатат. Биз мүлк мененби, акча мененби, анын баарын мамлекетке кайтарабыз. Уурдап алгандарын жок кылып салгандар түрмөгө отурат. Азыр түндүк-түштүк жолунунун курулушу боюнча текшерүү жүрүп жатат", - деди ал.